Кемин районунда 11 жана 7 жашар кыздарын зордуктаган жарандын иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1978-жылы туулган Б.А. 2013-жылдан 2016-жылга чейин 2005-жылы төрөлгөн кызын зордуктап жүргөн. Ошондой эле ал 2009-жылкы кызына да мас абалда бир канча жолу сексуалдык зомбулук көрсөткөн.
Соттук-медициналык экспертиза кыздардын зордукталганын тастыктаган. Кылмышка шектүү Б.А. 2016-жылдын 9-ноябрында кармалып, камакка алынган. Ошондой эле "зордуктоо" жана "ыплас аракеттер" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иш Кемин райондук сотуна жөнөтүлгөн.
2016-жылдын декабрь айында өз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган кыздардын ишин акыйкатчы өз көзөмөлүнө алган болчу.