Өлкө аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүүнүн очогу Лангар айылынан түндүк-батышка 5 чакырым, Эгин-Жай айылынан түштүк-чыгышка 7 чакырым жана Кара-Мык айылынан түндүк-чыгышка 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Лангар айылында 2,5 баллга сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.