СУПЕРСТАН: "Кыргызды жыдыткандар кыргыз эмес..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мен кыргызмын!" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кайсы жерден болосуң?" деп сураба,
Кандай элден экенимди сынаба.
Мен айтпаймын "бийиктеги жылдызмын" деп,
Мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп!"

"Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн?
Кыргыз деп келип дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн".

"Кыргызымды жан дилиңден сүйүш керек,
Кыргыз үчүн жалын болуп күйүш керек!"

"Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхты унуткандар.
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Каада-салтын кыргыздын унуткандар!"

"Түндүк, түштүккө бөлүндүңбү?
Мен сени жек көрөмүн!
Кыргыз болуп төрөлдүмбү,
Кыргыз бойдон өлөмүн!"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан