Англиянын "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу акыркы сезондо эң көп каражат тапкан клуб аталды. Бул тизмеде акыркы 11 жылдан бери "Реал" 1-орунду ээлеп келген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, "МЮ" акыркы сезондо демөөрчүлөр менен түзгөн келишимдин негизинде 689 миллион евро тапкан. Тизмеде 2-орунду каталондук "Барселона" ээледи (620,2 миллион евро). Ал эми 3-орунду ээлеген "Реал" 620,1 миллион евро тапкан.
Алдынкы ондукта "Бавария" (Германия), "Манчестер Сити" (Англия), ПСЖ (Франция), "Арсенал" (Англия), "Челси" (Англия), "Ливерпуль" (Англия), "Ювентус" (Италия) турат.