Дубайга иштейм деп кетип, сексуалдык кулчулукка кабылган Алина Шадыканова табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 23-декабрында Алина Шадыканова жумушка орношуу үчүн Дубайга учуп кеткен. Ал жакта аны "барда иштейсиң" деп чакырган аял тосуп алып, интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлаган. Ага макул болбогон Алина Шадыканова ур-токмокко алынган. Жабырлануучу апасына чалып, окуя тууралуу билдирген. Мындан улам Шадыканованын апасы жардам сурап Акыйкатчы институтуна кайрылган.
Акыйкатчы институтунун жана Тышкы иштер министрлигинин бирдиктүү аракети менен жабырлануучунун Дубайдагы миграциялык абактардын биринде экени аныкталган. Учурда аны мекенине алып келүү боюнча иштер жүрүүдө.