Белгилүү америкалык "New York Times" гезитинин социалдык тармактагы расмий баракчасы Орусия АКШга ракета соккусун жасаарын жарыялаган. Кийинчерээк ал билдирүү өчүрүлүп, гезит өкүлдөрү анын жазылуусу иликтенерин убадалашкан.
Маалыматка ылайык, өчүрүлгөн билдирүүнү хакерлер жазганы болжолдонууда. Себеби андан кийин эле расмий баракчада "OurMine" хакердик тобунун билдирүүлөрү чыккан. "The Hill" басылмасы анын сүрөтүн алганга жетишип, жарыялаган.
"Шашылыш кабар: Владимир Путиндин билдирүүсү интернетке тарады: Орусия ракеталары менен АКШга кол салат", - деп жазылган анда.
Андан соң хакерлер жазган билдирүүлөр өчүрүлүп, бул окуя иликтенери аккаунттун администрациясы тарабынан жазылган.