"Авиакырсыкка кабылган учактын керосинине ууланды" деп 5 бала ооруканага жаткырылды

"16-январда катталган авиакырсыкта жерге кулап түшкөн учактан аккан керосинге ууланган" деп 5 бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар Бишкек шаарындагы №3-Медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына жаткырылды. Балдардын абалдары туруктуу. Учурда жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүүдө. Ооруканага түшкөн балдар авиакырсык катталган аймактан келишкен.

Эске салсак, 16-январда эртең менен Гонконгдон Стамбулга бараткан учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык учак “Манас” аэропортунун аймагына кулап түшкөн. Бул кырсыктан 39 адам каза тапкан жана бир нече турак жай бузулуп, жараксыз абалга келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан