Боинг кырсыгы: Алмазбек Атамбаев жабыркагандар менен жолугат. Журналисттер чакырылган жок

Бүгүн, 26-январда президент Алмазбек Атамбаев Аэрофлот дачалык тилкесиндеги авиакырсыктан каза болгондордун туугандары жана жабыркагандар менен жолугат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Анын айтымында, жолугушуу Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Иш-чара саат 11:00дө башталмакчы. Буга байланыштуу саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Жогорку Кеңештин жыйынынан кетти. Иш-чарага массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган жок. Буга чейин психологдор жабыркагандардын тынчын албоону журналисттерден суранышкан эле.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонконгдон келе жаткан учак "Манас" аэропортуна конордо кырсыкка учурап, Аэрофлот дачалык тилкесине кулап түшкөн. Ал кырсык 35 жергиликтүү тургундун жана 4 экипаж мүчөсүнүн өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан