Өмүр боюнча эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров учурда Бишкектеги №1-СИЗОдо. Анын абак башчысынын атына жазган арызында Чүй облустук сотунун чечимине макул эместиги жана мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаганы айтылган. Ал ачкачылык учурунда дарыгерлердин кароосунда болууга макул экенин, бирок ар кандай таблетка, уколдордон баш тартарын билдирген. Ошондой эле Аскаров арызында "өлүп калсам, биринчи аялыма жана Төлөйкан Исмаилова, Абдумомун Мамараимовго кабарлагыла" деп кошумчалаган.
2017-жылдын 24-январь күнү Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун иши боюнча өкүм чыгарган. Анда Базар-Коргон райондук сотунун өмүр бою эркинен ажыратуу чечими күчүндө калган.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.