Бүгүн, 24-январда Чүй облустук соту 2010-жылдагы Июнь окуясына жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө айыпталган Азимжан Аскаровдун иши боюнча өкүм чыгарды. Өкүмдү аталган облустук соттун судьясы Нурбек Исаев окуду.
"Жаңы ачылган жагдайлар боюнча материалдар изилденип, жактоочулар тарабынан келтирилген кошумча күбөлөр суракка алынышты. Тергөө жана соттук териштирүүдө Азимжан Аскаровдун адам укугу эч кандай бузулбаганы жана ага кыйноолор болбогону аныкталды. Мындан улам БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин келтирген жүйөлөрү өз ордун тапкан жок.
Айыпталуучунун күнөөсүн мойнуна албаганын, кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда улуттук кастыкты козутуп, массалык тартипсиздиктерди уюштуруп жүргөнүн, бийлик өкүлүн өлтүрүүгө шериктеш болгонун эске алып, аны өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чектегенин соттук коллегия табат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин, Жазык-процесстик кодексинин 28, 348-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун жетекчиликке алып, соттук коллегия өкүм кылат:
Базар-Коргон райондук сотунун 2010-жылдын 15-сентябрындагы Аскаров Азимжанга карата чыгарылган өкүмү өзгөртүлсүн. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин негизинде жазык жазасы белгиленбесин. Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде белгиленген жазаларды бири-бирине толук кошумчалоо менен 3 жылдык юридикалык билимди талап кылган укук коргоо, адвокатура, нотариалдык контора, прокуратура органдарында белгилүү бир кызматтарды ээлөө жана өкмөттүк эмес мекемелерде, уюмдарда иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен биротоло өмүр бою эркинен ажыратылсын, мүлкү мамлекеттин пайдасына өткөрүлсүн. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылсын. Өкүм жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, өкүм көзөмөл тартибинде Жогорку Сотко даттанылышы мүмкүн".
Чүй облустук сотунун бул чечимине нааразы болгон айыпталуучу Азимжан Аскаров мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады.
Буга чейинки болгон отурумдарда айыпталуучу акыркы сөзүн айтып, соттон аны актоону өтүнгөн. Ал эми жактоочулар Аскаровдун күнөөсүз экенин айтышып, эркиндикке чыгарууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулар Азимжан Аскаровдун күнөөсү толук далилденгенин жана райондук соттун чечимин күчүндө калтыруу керектигин айтышкан. Мындан улам соттук коллегия өкүм чыгаруу үчүн кеңешмеге кеткен эле.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.