Теннис боюнча Австралия Ачык Биринчилигинин алгачкы жарым финалында 36 жаштагы америкалык теннисчи Винус Уильямс Коко Вандевейди жеңип, өзүнүн карьерасындагы Чоң шлемдеги мелдештерде 15-финалына чыкты. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, анын финалдагы атаандашы өзүнүн сиңдиси Серена Уильямс болмокчу. Ал экинчи жарым финалда хорватиялык Мирьяна Лючич-Баронини утуп алган. Эже-сиңди Уильямстар ушуну менен 9-жолу Чоң шлем мелдештеринин финалында атаандаш катары кезигишет.