Жакында Кыргыз жерине Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапары менен келет. Бул тууралуу 27-январда чет элдик ММКларга Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Путин ошондой эле Тажикстанга да барат. Песковдун айтымында, учурда бул сапарга даярдык көрүлүүдө. Сапардын так датасы айтылган жок.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты бул боюнча маалымат берген жок. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун "бул боюнча 20-февралга чейин комментарий берилбейт" деп айтканына караганда, сапар февралдын 2-жарымында болушу мүмкүн.