АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп "Fox News" телеканалына берген маегинде ырчы Мадонна жийиркеничтүү экенин айткан.
Эскерте кетсек, АКШда Дональд Трампка каршы "Аялдар жүрүшү" өтүп, ага көптөгөн ырчы, актрисалар катышкан. Иш-чарада Мадонна эл алдында сүйлөп жатып ачуусу келгендиктен, Ак үйдү жардырууну да ойлогонун айтып, сөгүнгөн. Мындан улам акцияны чагылдырган айрым телеканалдар бир нече жолу эфирдин үнүн өчүрүп салууга мажбур болушкан.
"Чынын айтсам, ал жийиркеничтүү. Менин оюмча, ал өзүнө зыян алып келди. Акциянын негизги идеясын бузду. Анын айткандары биздин өлкөнү уят кылды", - деген Трамп.