Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакунов 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 27-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 16-июлунда Бишкекте "теракт уюштурууну көздөгөн" деп бир нече адам жок кылынып, айрымдары колго түшкөнү маалымдалган. Кунакунов "Манас" аэропортунан 20-июль күнү таңга маал кармалып, камакка алынган. Ал УКМК тарабынан "террордук уюмга жардам берген" деп айыпталып жаткан. Кунакунов өзүнө ачылган кылмыш ишин "жасалма" деп мүнөздөп, бул аракет саясий куугунтук экенин айтып келген.