Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат имараттар (фото)

XX-XXI кылымдарда дүйнөдө архитектура, курулуш технологиялары өнүккөн заманда, Жер жүзүндө конструкциялары өзгөчө имараттар курулууда. Өзгөчө кооз имараттардын чыгымы да чоң. Төмөндө дүйнө боюнча эң кымбат курулуштар тууралуу баяндайбыз.

Меккедеги "Аль-Харам" мечити дүйнөдө эң чоң деп эсептелет. Ичинде ислам дининин ыйыгы болгон Кааба жайгашкан. Анын курулушуна 100 миллиард доллар кеткен. Аянты 357 миң чарчы метр болгон мечитте бир убакта 4 миллион адам сыйына алат.

Бийиктиги боюнча Сауд Арабияда эң бийик, дүйнө жүзү боюнча үчүнчү турган Меккедеги "Абраж аль-Бейт" мейманканасы. Мында дүйнө жүзү боюнча эң чоң - 43 метр болгон циферблат орун алган. Курулушуна 15 миллиард доллар керектелген.

Сингапурдагы "Resorts World Sentosa" аталышындагы курорттук мейманкана жана оюн-зоок комплекси. Ичинде казиносу, "Universal Studios" тематикалык багы, аквапарк жана океанариум бар. Анын курулушу 6,59 миллиард долларды түзгөн.

Анын артынан ошол эле Сингапурдагы "Marina Bay Sands" мейманканасы кымбат имараттардын катарын толуктайт. Аны курууга 5,5 миллиард доллар жумшалган. 200 метрлик үч имараттан (55 кабат) турган комплекс. Бири-бири менен гондола кайыгындай терраса менен бириктирилген. Анда 12,4 миң чарчы метрге барабар бассейн жана бакча салынган. Долбоорду Моше Сафди аттуу архитектор иштеп чыккан.

Лас-Вегастагы "The Cosmopolitan" мейманканасы. Бул жерде чоң казино, стол оюндары, оюн автоматтары, спорттук көрсөтүүлөр, бир нече фитнес-борборлор жана ресторандар бар. Аны 3,9 миллиард долларга салышкан.

Дүйнөдө бийиктиги боюнча 4-орунда турган Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун көк тиреген имараты. Ал Батыш жарым шарынын эң бийик имараты. Аны салганга 3,8 миллиард доллар жумшалган.

Абу-Дабиде салынган "Emirates Palace" мейманканасы кооз интерьери, кенен аймагы, жеке кум жээги жана жаратылыш булуңу менен таанымал. Аны салууга 3 миллиард доллар керектелген.

Макаодо "City of Dreams" мунарасында өзгөчө кооз айнектүү зал бар. Ал 2,4 миллиард долларга салынган.

Ошол эле Макаодо "City of Dreams" имаратынын маңдайында 39 кабаттуу "The Venetian" дүйнөдө аянтынын чоңдугу боюнча 4-орунда турат. Ал дагы 2,4 миллиард долларга салынган. Ичинде 3 миң номер, спорттук комплекс, конференц-зал, 350 дүкөн жана 30 ресторан бар.

Лас-Вегастагы "Wynn Resort" казиносу 2,7 миллиард долларга салынган. Ишкер Стив Винн казиносуна өзгөчө көркөмдүктү бере алган. Имарат ийилген формага ээ. Терезелери жез түстө караңгылатылган. Лас-Вегаста эң элеганттуу, тейлөөсү жогорку деңгээлдеги мейманкана да болуп эсептелет. Ага белгилүү жылдыздар жана падыша үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү токтошот.

Германиядагы Франкфурт-на-Майне шаарындагы Борбордук Европа банкынын штаб-квартирасы. Имарат 2014-жылы 1,57 миллиард долларга салынган.

Дубайдагы "Бурж-Халифа" көк тиреген имаратынын бийиктиги 828 метр. Ал 2010-жылы 4-январда ачылган. Курулушуна 1,5 миллиард доллар кеткен. Алгач анын аталышы "Бурж-Дубай" болмок, бирок ачылышында Дубайдын ошол кездеги эмири Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халиф ибн Заид ан-Нахайяндын урматына имаратты анын ысымынан койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
madina.87
2017-02-06 11:21:37
Мынча кооз.
Бир корсом арманым болбос эле.
+7
good5like
2017-02-06 11:27:44
Bizdin olkobuzda uwul olkolor syiaktuu onugup , biiik imarattar menen suluuluguna kork kowuunu jaratkan Allahym nasip etken bolsun ooomin! !!
+13
Munar8625
2017-02-06 11:29:11
менинда ниетим Каабаны коруш
+17
Mirlan5
2017-02-06 12:10:38
Кудай буйурса Кыргызстанда ушундай болот. Жакшы ыймандуу хан келсе Ин ша Аллах.
+10
Baatur7777
2017-02-06 12:55:12
Сонун!
+4
Atas
2017-02-06 14:28:18
Биздин 4 ,5 млрд карызыбыз болбогондо ушундай дүйнө жүзүн суктандырган имараттар болоор беле
+9
Alaikuu_Kan-Korgon
2017-02-06 18:50:21
Эххх бул биз учун жомок бирок курган мамлекет учун реалдуу.Буюрса бизде мындан да кооз кымбат дуйнону тан калтырып оозун ачырган имараттар курулат.
0
Nevestkaa
2017-02-06 19:30:02
Имаратыбыз болбосо жок жерибиз тынч болуп чек ара так ,карыз жок,коррупция жок болгондоле баары жакшы болмок.
+3
afina66
2017-02-06 19:49:45
al haram mechiti ozgocho
+2
kanyshai_2011
2017-02-06 20:24:41
кандай кооз жерлер .биздин келечектеги муундар ушундай бийик бийик имараттарды курушсун.
+1
bond02
2017-02-07 09:38:21
Биздин ак уйду деле киргизип койбойсунарбы пара берип.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан