Мындан 17 жыл мурун, 2000-жылы 31-январда Калифорниядагы Анакапа аралынын жанына Пуэрто-Вальярта-Сан-Франциско-Сиэтл каттамын аткарып жаткан MD-83 учагы кулап түшкөн. Анын бортундагы 88 адамдын баары (83 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү) курман болгон. Кырсык стабилизатордун иштебей калышынан жана сапатсыз техникалык кызмат көрсөтүүдөн улам келип чыккан.
31-январга карата жылнаама.