Түркияда сабалган кызга экинчи операция жасалган соң абалы оорлошуп кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
21 жаштагы Н.М. аттуу Кыргыз жараны 2016-жылдын 21-декабрь күнү оор абалда Түркиянын Анталия шаарында ооруканага жаткырылган. Аны белгисиз адамдар катуу сабап, жол боюна таштап кетишкен.
"Ага биринчи операция жасалып, абалы турукташкан болчу. Үстүбүздөгү жылдын 27-январь күнү анын башына экинчи операция жасалган. Бирок 31-январь күнү мээсине кан коюлуп кетип, анын абалы оорлошуп, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда анын жанында апасы бар. Тергөө иштерин Анталиянын прокуратурасы жүргүзүүдө", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.
Айта кетсек, кылмышка шектүү катары кармалган С.Ч. жабырлануучу кызды М.У. аттуу адамга сексуалдык кулчулукка сатып жиберген. С.Ч. "интимдик кызмат көрсөтүүчү жашыруун жай уюштурган", ал эми М.У. "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыпталууда.