Москвада жол кырсыгынан 9 адам каза болду. 22 жаштагы Кыргыз жараны ооруканага жеткирилди

Бүгүн, 1-февралда Орусиянын Москва шаарында орун алган жол кырсыгынан 9 адам каза болду, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Варшава шоссесинен Коротыгыно айылына көздөй бурулушта УАЗ менен Тойота үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн. УАЗ өрттөнүп, ичиндеги адамдар унаадан чыга албай калышкан", - деп жазышат басылмалар.

Маалыматтарга ылайык, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги тактоо иштерин жүргүзүүдө. Азыркы тапта белгилүү болгондой, 22 жаштагы Кыргыз жараны Таалайбек уулу Бекбол Пирогов атындагы Москва шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилди.

Москвадагы жол кырсыгы (1.02.17)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
barakcha
2017-02-01 21:14:30
О Кудай,озун сактай кор.
+11
duishonbek03
2017-02-01 21:14:42
Бейиши болсун!акыркы кундору коп кырсыктар болтат,тынччылык эле болсо экен!
+7
Seiil.94
2017-02-01 21:20:22
Оо жараткан суранам сенден боодо кырсыктан сактачы озун кыргыз элимди.кырылып бутмой болдукго.жеп жутарлардын арамдары элден чыгып жатат окшойт
+13
salimbek87.kg
2017-02-01 21:28:28
Эх жашоо деги жакшы кабар барбы ,жалан жагымсыз кабар.Жакшы кабарлар кунду насип эткин Аллахым.
+7
Karaan
2017-02-01 21:49:40
Дагы кыргыздар :(((
-1
MAN-CITY
2017-02-01 21:53:31
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Тойота встречный полосога чыгып кеткен деп айтып жатышат. Торт кыргыз жараны жана беш орус каза болуптур.
+1
UlukmanKalyev
2017-02-01 22:03:36
Омеей эмне эле болуп атат кайран гана кыргызымды өзүң сактай көр Кудай
+5
engel
2017-02-01 22:06:50
Ee Kudai tynchylyk bolso eken! Bugunku kungo ele ushuncha kop suuk kabar.... Kyrgyz elim aman bolsun!
+3
Somalimogadishu
2017-02-01 22:11:31
жакындарына тереен кайгыруу менен конул айтам
+4
Ramina-malina
2017-02-01 22:58:52
Kudai saktar kor,jalan jaw baldar kaza boltat juroktu oorutup
0
nur...nur.
2017-02-02 00:11:57
Жаткан жери жайлуу болсун кырсык каш кабактын ортосу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан