Кош бойлуу Бейонсенин сүрөтү интернетте жаңы рекорд жаратты

Америкалык ырчы Бейонсенин кош бойлуу экени чет элдик басылмалардын башкы жаңылыгына айланган. Бул кабар тууралуу ырчы Instagram`дагы жеке баракчасы аркылуу маалымдаган. Анын бул билдирүүсү социалдык тармактарда буга чейин "интернет ханышасы" аталган Ким Кардашьянды жана баракчасына 108 миллион колдонуучу жазылган Селена Гомести артка таштап, жаңы рекорд коюусуна себепчи болгон. Бул көрсөткүч расмий "Гиннесстин рекорддор китебине" катталбаганы менен, учурда басылмаларда кызуу талкууга алынууда.

Алгачкы 10 саатта эле кош бойлуу Бейонсенин сүрөтүнө 7 миллионго жакын "жакты" белгиси коюлуп, 300 миңден ашуун билдирүү калтырылган. Бул сан учурда дагы да өсүүдө.

Буга чейин "жүрөкчөлөрдү" топтоо боюнча Селена Гомес "рекордчу" аталып келген. Анын өткөн жылдын июль айында газдалган ичимдикти кармап турган сүрөтү 6 миллиондон ашуун "лайк" топтогон. Бирок Бейонсенин сүрөтүндөгүдөй кыска убакытта эмес, 7 айдын аралыгында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aseras
2017-02-02 13:39:19
Коп адам лайк басты?паланча адам коммент жазды дегенине тан калдым.Реккорд жаратса кандай пайда болот?аларга акча тушобу?
+14
lady.girl7997
2017-02-02 18:53:25
aseras, Аларга кызыкда
0
rejepova
2017-02-02 13:50:10
Бизге булардын кызыгы жок
+14
rma-akkuu
2017-02-02 13:57:16
Анда окуба,кирбе,Кызык.
-11
bond0202
2017-02-02 13:57:57
куклага окшош экен
+2
arzygulR
2017-02-02 14:41:45
Не дейбиз аман эсен коз жарсын
+1
Blueaffair
2017-02-02 14:57:45
Бейонс
0
Ananai
2017-02-02 15:21:44
Элдин назары тушот.Мындай суротторду интернетке жайылтууда эч кандай пайда жок.Просто коз тиет.Биздин кыргыз кыз келиндер буларга эч качан кызыкпагыла.
+4
nur_zhoni
2017-02-02 20:21:32
Селена Гомез жагатда мага Джастинден тартып алсамбы
0
kanyshai_2011
2017-02-02 23:45:14
бул жыланач ХХХ коз деле тийбейт кимдин козу тиймек еле
0
Almagul.akylbekova
2017-02-03 10:37:41
Бул кылганы учун тиги дуйнодо жазасын алатко,ошондо кеч болот,ойлонгула ойлонгула жана да ойлонгула,менин мусулман бир туугандарым мындай ишти силер кыла корбогуло,бул иш ото жаман,мындай кылганынар учун дозок отунда куйосунор,албетде кеч боло электе ойлонолу мусулма бир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан