Бүгүн Алматы шаарында Кышкы Универсиаданын алкагында биатлон боюнча 10 чакырымдык жарыш орун алды. Бул жарышка Кыргыз өлкөсүнүн атынан спортчу Николай Матвеев катышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Жалпы 52 спортчу катышкан жарышта Николай Матвеев мараны 47-болуп кезип өттү. Ал 10 чакырымдык убакытты 35 мүнөттө басып өткөн. Алтын жана күмүш медалдарды орусиялык спортчулар Семён Сучилов менен Дмитрий Иванов багынтышты. Коло байгени казакстандык Роман Ерёмин жеңди. Эми Николай Матвеев 3-февралда 12,5 чакырымдык жарышка түшөт.