Орусияда быйыл 17-июндан 2-июль аралыгында өтө турган Конфедерация Кубогунун бардык катышуучулары аныкталды. 6-февраль күнү Камерун Африка Кубогун утуп, аталган мелдештин акыркы катышуучусу катары белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Конфедерация Кубогуна ар бир континенттин чемпион аталган курама командалары катышат.
Кайсы командалар катыша тургандыгын назарыңызга коёбуз.
"А" тайпасы:
Орусия курама командасы.
2016-жылы Океаниянын чемпиону аталган Жаңы Зеландия.
2016-жылы Европа чемпиону саналган Португалия.
КОНКАКАФ Кубогунун ээси - Мексика.
"B" тайпасы:
Африка Кубогун жеңип алган Камерун.
2015-2016-жылдары катары менен Америка Кубогун утуп алган Чили.
Азия Кубогуна ээ болгон Австралия.
Учурдагы Дүйнө чемпиону Германия.
Орусиянын Москва, Казань, Сочи жана Санкт-Петербург шаарындагы “Крестовский” стадионунун курулушу аяктаса, оюндар ушул шаарларда да өтөт.