Кербен шаарынын жолдорун кардан тазалоого жалгыз техника жетишпей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына Кербен шаарынын мэри Нараматалы Эсеналиев билдирди.
"Калаанын аймагын кардан тазалоодо иштеп жаткан техниканын бири бузулуп, жалгыз техника калды. Аны менен тазалоого жетишпей жатабыз. Ошентсе да 4 күндөн бери тынымсыз иштеп жатабыз. Дагы 2 күн ичинде ички жолдорду тазалап бүтөбүз. Учурда негизги жолдор унаа каттамы үчүн ачылган", - деди шаар мэри.
Калаа башчысынын маалыматына ылайык, Кербен шаарында акыркы жолу жааган кар 60 сантиметрге жеткен. Буга чейинки жааган кардын калыңдыгы 35-40 сантиметр болгон. Учурда 1 метрге чукул кар бар. Нараматалы Эсеналиев Кербен шаарынын жаңы конуштарындагы ички жолдор эртең бир унаа баткыдай абалда тазаланып бүтөрүн кошумчалады.
Эске салсак, окурман 4-февралда шаардын борбордук көчөлөрү күрөлбөй турганын айтып нааразычылыгын билдирген.