Чоң-Алай районунда калың кардан улам каттам токтогон 7 айылда жолдорду тазалоо иштери бүгүн башталат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-февралдан 4-февралга караган түнү Кашка-Суу, Чоң-Алай жана Жекенди айыл аймактарында калыңдыгы 70-80 сантиметрге жеткен кар жаап, 16 айылда 72 чакырым ички чарбалык жолдор жабылып калган. Карды тазалоо иштерине №16-Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 2 грейдер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 жүктөгүч тартылган.
"5-февраль күнү 9 айылда 39 чакырым ички чарбалык жолдор тазаланган. Ал эми калган 7 айылда ички чарбалык жолдорду тазалоо иштерине ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн. Бүгүн ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иштери башталат", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.