"Элдик видео" бөлүмүнө "Жеки Чан эски достору менен жолугуп, баарын ыйлатты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Gupa).
Учурдун легендарлуу актёру Жеки Чандын каскадёрлор тобуна 40 жыл болгондугуна байланыштуу Кытайдагы көрсөтүүлөрдүн бирине жаш каскадёрлордун жаңы курамы менен келет. Шоунун алып баруучусу Жекинин командасындагы улуу муундагы каскадёрлордун видеокайрылуусун көрсөтөт. Алар жашоосундагы жакшы күндөрү үчүн Жеки Чанга ыраазычылык билдиришип: "Ал улууну сыйлаган, жумушуна берилген адамдарды ишке алчу. Адамдык сапатың жок болсо, жумуштан кетчүсүң. Ошондуктан анын командасында жаман адамдар жок", - деп айтышат. Экрандан кайрылуу көрсөтүлүп жаткан учурда алар акырын студияга кирип келишип, актёрдун артына байкатпай туруп калышат.
"Кинематографияга кошкон салымым үчүн "Оскарды" мен алганым менен, бул сыйлык баарыбыздыкы. Себеби 40 жылдан ашуун убакыт алар өз өмүрлөрүн тобокелге салышып, мени менен чогуу болушту. Колу-бутун сындырып, таңкы 5те ооруканага алып жөнөшчү, бирок бул нерсени эч ким билбейт", - деп Жеки командасындагы каскадёрлорго рахматын айтат. "Баарыбыз картаябыз" деп артында турган жаш жигиттерди караган актёр мурунку кесиптештерин көрөт. Алардын күтүүсүз пайда болгону Жеки Чан үчүн сюрприз болуп, көзүнө жаш алат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.