Токтогул районунун Барчын айылына кирип келген эки карышкырдын бири тирүүлөй кармалды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"8-февраль күнү саат 14:30 чамасында кой жайып отурсам эки карышкыр тоодон ылдый түшүп келе жатыптыр. Мени көрүп эле багытын Токтогул суу сактагычын көздөй бурушту. Анан айылдагыларга телефон чалып, артынан куудук. Бири сууда сүзүп баратып токтоп калды. Аны кайык менен барып тирүүлөй кармап алдык. Экинчисин болсо коңшу айылдагы балдар атып алышыптыр дешти", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.