Орусиядагы адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча Кыргыз жаранына кылмыш иши козголду

Орусиянын Москва шаарындагы адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча Кыргыз жаранына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 1-февраль күнү болгон. Анда Варшава шоссесинен Коротыгыно айылына көздөй бурулушта УАЗ менен Тойота үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн. УАЗ өрттөнүп, ичиндеги адамдар унаадан чыга албай калышкан. Жол кырсыгынан 9 адам каза болду, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын бири Тойота үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, Кыргыз Республикасынын жараны 1994-жылы туулган Бекбол Кылычбек уулу болгон. Алгач ал жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, учурда жалпы палатага которулду. Анын үстүнөн "жол эрежесин бузуу менен эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Keremet008
2017-02-09 08:54:02
Чатак иш болуптур
+5
Muslim_KGstana.
2017-02-09 09:04:54
Ал бала рульда болчу бекен ? Куноо кимден кетиптир? видеонаблюдение деген бар карашсын ошону бул ишке Москвадагы окулчулук,Тышкы иштер министри аралашып карап чыгышы керек/Васялардын максаты эптеп ишти жабуу болуп жаткан чыгаар...
+11
adi_ko.kg
2017-02-09 09:35:24
Шумдугуң күргүр
+2
bond02
2017-02-09 09:46:49
Тойотаны встречный полосага чыгарып коюптур эми даана кыргыз кунолуу болот.
+4
baltabai
2017-02-09 10:44:11
Chatak ish bolgongo
+3
ainura220888
2017-02-09 13:33:42
Правый руль бекен тайота?
+1
Miri1990
2017-02-09 13:55:25
Праваны окуубай алган эрежени билбейт бирин дагы жаштарга айтарым окуугула силердин айынардан адамдар олуп кетип атат
+1
Kroxa
2017-02-09 20:04:41
Ооба,созсуз биздин жарандар окубай праваны алышат анан ким куноолу болсун...
0
sabyr86
2017-02-09 20:21:09
Москва силерге Бишкек эмес! Окубай эле права алып,алып адыраңдап айдашат.этият болгула.
0
Samat-89-kg
2017-02-09 20:43:47
Менин жеке Ойум бул кырсык каш кабактын ортосунда.
0
ziash85
2017-02-09 20:59:10
Жаман болуптур неси болсо да
0
pixduel1
2017-02-10 01:16:56
Жаш экен, абайласа болмок. Окунучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан