Кыргыз жеринде учурда электр энергиясынын өздүк баасы 43 тыйын. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 9-февралдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирип, элге электр жарыгы кымбат жеткирилип жатканын айтты. Депутат электр энергиясынын тарифтери боюнча өкмөттүн маалыматын угууну талап кылды. Бакировдун билдиришинче, Токтогул районунда үйлөрү суу сактагычтын алдында калгандарга компенсация төлөө иши да аткарылбай жатат. Буга күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну сунуштады.
Маалыматка таянсак, 2016-жылы электр энергиясынын өздүк наркы 45 тыйын деп белгиленген.
Бүгүнкү күндө жарандар 700 киловатт-саатка чейин пайдаланган электр энергиясы үчүн 77 тыйындан (ар бир киловатт-саатына), 700 киловатт-сааттан ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан төлөйт.