Барак Обама президенттиктен кеткенден кийин миллиардердин аралында эс алды

АКШнын экс-президенти Барак Обама улуу британиялык миллиардер Ричард Брэнсондун Москито аралында эс алып, кайтсёрфинг спорт түрүн өздөштүрдү. Бул тууралуу "Виргин" басылмасы жазып чыкты.

"Барак Обама жана Мишель Обаманы чакыруу мен үчүн сыймык. Обама президент болор алдында Гавайиде эс алыптыр. Кийинки 8 жыл бою ал саякаттай албай, суу спортунан ырахаттана албай же жөн эле өзү жакшы көргөн нерсесин кыла алган эмес", - деген миллиардер.

Ричард Брэнсон флайборд суу спортун өздөштүрүүнү баштап, экс-президент менен жарышка түшкөн. Жыйынтыгында суу үстүндө Барак Обама Ричард Брэнсондон 50 метрге көбүрөөк жүрүп, мелдешти утуп кеткен.

Миллиардер экс-президент менен дагы жолугуп, мелдешке түшүүнү пландап жатканын кошумчалаган.

Президенттиктен кеткен Обама
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asil-08
2017-02-09 10:42:49
Молодец жашашты билет экен мен дагы куда кааласа акчам болсо бала чакам менен саякатка барабыз деп тилек кылып жатам
+4
Seiil.94
2017-02-09 10:57:12
Жакшы президент .
+5
Medina87
2017-02-09 13:16:15
Обама башканы айтпаганда Трамптан озгочолугу улут аралык дискриминацияны сактап элдин эсинде калды.
Кайда журсо да аман болсун, ден-соолугу чын болуп уй-булосу менен келечектин кызыгын корсун.
0
nur_zhoni
2017-02-09 14:23:57
Биздин шевтен уйронуш керек экен кантип эс алганды 8 жылда бирда жолу эс алганы барбаганын айт
-4
AKCAHAT
2017-02-10 11:31:17
Обама американын эсинде калды, Кенеди Рузвельт, Линкольн сыяктуу эн мыкты президенттердин катарында . Обама мн Мишель эн мыкты тугойлор суйууну сезип турасын экоосун коргондо . Дайыма жыйындабы башкадабы тамашалашып,кулушуп бири бирин колдоп турат.Бар болушсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан