Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу сунушу менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кат жөнөттү. Бул тууралуу 9-февралда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Сарпашев Бишкектеги Бакиевдерге тийиштүү мүлктү аресттен чыгарууга көрсөтмө берген деп күнөөлөнүүдө. Бишкек шаарынын Скрябин көчөсү-45 дарегинде жайгашкан жер тилкесин аресттен бошотуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы чечимин аткарууну айтып Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгына жазуу жүзүндө көрсөтмө бергени айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Айтылгандарга таянсак, Бишкек шаардык прокуратурасы аталган жер тилкеси боюнча сот чечимине карата даттанарын ошол учурда Мамлекеттик каттоо кызматы билген. Бакиевдерге таандык мүлктөр коомдун жана мамлекеттин такай көз алдында экенин билип туруп Сарпашев 2016-жылдын 30-ноябрында түз көрсөтмө бергени баса белгиленди.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 31-январында мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык мүлктөр маселесин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өткөн. Анда Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү аянты 1,28 гектар жердин сатылып кетишине Мамлекеттик каттоо кызматынын да катыштыгы бар экени айтылган эле.