ЖЫЛНААМА, 9-ФЕВРАЛЬ: 122 жыл мурун АКШда волейбол оюну ойлоп табылган

Мындан 122 жыл мурун, 1895-жылы 9-февралда АКШнын Массачусетс штатындагы Холиоке шаарында жайгашкан Жаш христиандар ассоциациясынын спортзалында аталган уюмдун физикалык жактан даярдык боюнча башчысы Уильям Морган топ менен ойнолуучу жаңы командалык оюнду - волейболду ойлоп тапкан.

Ал баскетбол, бейсбол жана гандболдун элементтерин аралаштырып, теннистин торундай торду адамдын боюнан бийик болушу үчүн жерден 196 сантиметр бийиктикте илген. Оюндун катышуучуларынын санына чек коюлган эмес. Спорттук оюнду алгач минтонет деп аташкан. Бир жылдан соң, 1896-жылы Спрингфилд шаарында бул оюн коомчулукка көрсөтүлгөн. Профессор Альфред Хальстед "минтонетти" "волейбол" (учуп бараткан топ) деп өзгөртүүнү сунуштаган. 1900-жылдан баштап волейбол дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тарап, популярдуулукка жеткен.

9-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nur_zhoni
2017-02-09 13:47:41
Мен жактырган оюунум
0
baltabai
2017-02-09 14:59:31
Мен дагы волейбол ду Жакшы көрөм
0
Majit1975
2017-02-09 15:58:21
Мен мектепте курама командада ойногом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан