Эл аралык Футбол федерациясынын 9-февралда жаңыланган рейтингинде улуттук курама команданын январдагы орду өзгөргөн жок. Анда 124-орунду алган.
ФИФАнын рейтингинде бул айдагы эң мыкты көрсөткүчкө Камерун өлкөсү ээ болду. Африка Кубогун жеңип алган команда 29 орун өйдө көтөрүлгөн.
Дүйнөлүк рейтингдин алдынкы ондугунда Аргентина, Бразилия, Германия, Чили, Бельгия, Колумбия, Франция, Португалия, Уругвай жана Испания курама командалары турат.
Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде карамагында 265 упайы бар курамабыз 16-орунда жайгашкан.