Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 13-февралда өкмөттөн билдиришти. Комиссия 1 айдын ичинде Башкы прокуратуранын сунушун карап чыгып, премьер-министрге сунуш киргизет.
Комиссияны вице-премьер Жеңиш Разаков жетектеп, курамына өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борборунун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Юстиция министрлигинин, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана өкмөттүк аппараттын өкүлдөрү кирди.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевди Бишкек шаарында Бакиевдерге таандык жер тилкесин аресттен чыгарып, сатып жиберүү ишине катыштыгы бар деп күнөөлөп жатат. Сарпашев бул ишти "саясий оюн" деп атап, мунун артында быйыл өтүүчү президенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясатчылар турарын билдирди. Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 3-февралда фракция жыйынында Сарпашевди кызматтан кетирүүгө кызыкдар экенин ачыктаган. Бабанов өткөн аптада бийликке "таарынып", кайра жумшарганы да белгилүү. Ушул жана башка жагдайларды атап, бул иште саясий түс бар дегендер арбыды.