Алмазбек Атамбаев Германиянын жаңы президентин куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 13-февралда Франк-Вальтер Штайнмайерди Германиянын президенти болуп шайланышы менен куттуктады.

Атамбаев Кыргыз Республикасы кыргыз-немис мамилеси жакшы нукта баратканын белгилеп: "Кыргыз мамлекети менен Германиянын жогорку деңгээлдеги кызматташтыгы биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өнүгүп, бекемделе берет деп үмүттөнөм. Кыргыз-немис кызматташтыгын мындан ары да кеңейте берүүгө Кыргыз Республикасынын кызыкдар экенин тастыктайм", - деди.

Мындан тышкары, Штайнмайерди Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан