КСДПнын атынан президенттик шайлоого Кубанычбек Кулматов талапкер болмокчу. Бул тууралуу 13-февралда 24 kg агенттиги жеке булактарга шилтеме берүү менен жазды. Партиянын катчылыгы билдиргендей, президенттин демилгесине ылайык, Кулматовду талапкер кылуу сунушталган.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мурунку мэри. Азыркы учурда Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондун жетектейт. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Чүй облусунун башчысы, президенттин кеңешчиси болуп да иштеген.
SUPER.KG порталына КСДП фракциясынын катчылыгы Кулматовдун талапкер болору жөнүндө маалыматты четке какты.