Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүн эки тилди аралаштырбай сүйлөөгө чакырды

Бүгүн, 14-февралда парламенттеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Анда “Бир бол” фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Жаңыл Жусупованы сынга алып: Расмий тилде сүйлөйүн деп уруксат алгандан кийин кыргыз тили менен орус тилин аралаштырбай баяндама жасабайсызбы”, - деди.

Жусупова эл өкүлүнүн сунушун эске ала турганын айтты. Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина орус тили расмий мыйзамдуу тил экенин билдирди. “Эки тилди аралаштырып сүйлөгөндө эч кандай мыйзам бузуу болгон жок”, - деди ал.

Учурда аталган жыйында «Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан