Сүйүшкөндөр күнүндө бойдок ырчылар сыр бөлүшөт. Данияр, Нурмат, Лира Seven, Сайкал түгөйлөрүн кандай элестетишет?

Бүгүн, 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнү. Өлкөбүздө бул майрамды көбүнчө жаштар өзгөчө кубануу менен белгилешет. Учурда кыргыз шоу-дүйнөсүндө көз күйдүргөн бойдоктор аз эмес. Арасынан жүрөгү бош ырчыларды маекке тарттык. Балким, окурмандарыбыздын арасында, алардын бирин жактырып жүргөндөр бар. Анда эмесе, ырчы мырзаларга кандай кыздар, бийкечтерге кандай жигиттер жагарын билип алыңыз.

Данияр Эрматов, 28 жашта.

"Көпчүлүк жигиттер сулуулугуна маани бербейбиз дешет, бирок чынына келгенде андай эмес. Биринчиден, мага сырткы келбети да, ички дүйнөсү да жакшынакай кыздар жагат. Сулуу келбетин кыялы бузуп коюшу мүмкүн да. Экинчиден, жөнөкөй, ак көңүл кыздар жагат. Бат тил табышкан кыздар менен сүйлөшүү жагымдуу болот эмеспи. Эң негизгиси кыздар айымдык сапатка ээ, назик болушу керек. Көк бет, эркек мүнөздүү кыздар жага бербейт", - дейт ырчы.

Данияр Эрматов эркектей басып, сүйлөгөндөрү да эркектикиндей кыздардан алыс экенин кошумчалады. Ал бүгүнкү майрамда Ош шаарында, күйөрмандарына мини-концерт тартуулайт. Андыктан аны көрүүгө ашыккандар, Ошто болсоңуз, белегиңерди камдап туруңуздар.

Нурмат Садыров, 29 жашта.

"Менин кыялымдагы кыз сөзсүз түрдө кыргыз кызы болушу керек. Кыргыз кыздарынын баары эле сулуу. Эмгекчил, акыл-эстүү, түз жүргөн, тарбиялуу, татыктуу жашаган, турмушка болгон көз карашы туура болгон кыздарды жактырам. Үйлөнүү тоюм деле алыс эмес, үйдөгүлөрүм 2-3 жылдан бери "сүйлөшкөн кызың менен тааныштыр" дешет. Буга чейин жакшы кыздарды көп эле жолуктургам. Бирок кыздарга көңүл буруп, убакыт бөлүп туруш керек экен. А мен чыгармачылыгымды биринчи орунга коюп койгом. Жактырып калган кызыма керектүү деңгээлде көңүл бура албай калам, бул менин катачылыгым. Башында жакшы эле көңүл бурам, анан чыгармачылыкка киришип кетип эле чалганды унутуп калам", - дейт Садыров.

Үй-бүлө курууну пландап жүргөн бийкечтерге күмүш сырга, чыгармачылыгына сүңгүп кеткен Нурмат Садыровду "сууруп" чыгам десеңиз, ал бүгүн Каракол шаарына жеке концертин бергенге даярданып жатат.

Лира Seven.

"Менин жолдошум катары кыргыз жигитин элестетем, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип да кетиши мүмкүн. Турмуш өзү көргөзөр. Кыргыз жигиттери көбү келишимдүү, айткан сөзүнө туруктуу келишет. Көп эмгектенген, адал иш кылган, түз жүргөн, ата-эненин тарбиясын көргөн, турмушуна тың жигиттерди жактырам. Кыргыз жигитин дагы эле күтүп жүрөм, үмүтүмдү үзбөй. Чынын айтсам, азыр жигиттер менен мамилем жок, буга көбү ишенбейт. Турмушка чыга турган деле убак келди, бир күнү күтпөгөн жерден, капыстан менин кыялымдагы жигит кезигип калар. Керек болсо себимди да даярдап бүтөйүн деп калдым. Үйдөгүлөрүм 3 жылдан бери "качан анан?" деп сурап тажатышат. Чыгармачылык менен алектенип, келишим түзүп иштеп жүрүп, өзүмдүн жеке жашоомо көп көңүл бура алган эмесмин. Көрсө кыздар туулгандан баштап эле турмуш жолуна аттанышат экен", - дейт ырчы кыз.

Сайкал Садыбакасова, 25 жашта.

"Мен өзүмдүн жанымда эң негизгиси мени чыныгы сүйгөн, түшүнгөн, колдогон, ата-энемди сыйлаган, туруктуу жигиттин болушун каалайм. Биринчи кезекте сырткы келбетине эмес, ички дүйнөсүнө көңүл бурам. Келбетине деле көп талап коё бербейм. Эгер ал менин чыгармачылыгымды колдобосо, "ырдаба" десе, ырдабай, сахнадан кетем. Алгачкы орунга үй-бүлөнү коём. Башкысы жүрөгү таза болсо болду. Негизи бул майрамга карата гүлдөр, белектер келе берет, бирок өзүм деле буга чейин аябай даярданып белгилеген эмесмин. Көп болсо досторум менен тынч жерге отуруп койчубуз", - дейт Сайкал Садыбакасова.

Ал эми бүгүн ырчы өзүнүн жакында ачыла турган сулуулук салонунун ачылышына даярданарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
engel
2017-02-14 17:16:38
Seven degen kim? Birinchi korushum...
+10
meni_kut
2017-02-14 19:43:56
engel,Лира Урмамбетова,
0
rejepova
2017-02-14 20:19:22
севенди биринчи жолу корушум.
0
KAPAGAT
2017-02-14 20:53:35
Сайкал азамат кыз да
+4
akil.91
2017-02-14 21:02:52
Нурматты ушул жылы тааныдым! Красавчик жигит! Удачи!
0
farida.kg.1991
2017-02-14 21:15:32
Неге Нурлан Насип жок бул жерде Нурлан Насип жагат мага ырларын калтырбай угам Админ Нурлан Насиптен интервью алыныздар.
-7
Zvezda88
2017-02-14 22:36:13
Нурлан Насип бош эмес аны Асель брондоп койгон уже.
+4
Zvezda88
2017-02-14 22:40:00
Лира апчебиздин башындагысын коруп эле жигиттер кооой десе керек
+3
Ramina-malina
2017-02-15 00:07:14
Daniyar Ermatov instagramda kynala tuwkon kyzyn emespi?Adawpasam owtuk bir jaw kyz mn jurosun,barakchasy ekoondun surotuno tolgon.
0
admin_portal
2017-02-15 09:30:12
arzuuu,
1.Такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
2. Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу Сизге түбөлүк БАН!
0
admin_portal
2017-02-15 09:33:50
solntse95, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Эскертүү!
0
AKCHA
2017-02-15 11:15:07
Нурматтын жонокойлугу жагат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан