"Азия MIX" командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров жыл сайын өтүүчү "Жылдын КВНчиси" сыйлыгынын ээси болду. Бул тууралуу "КВН для всех" расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, добуш берүү аталган сайттын "Вконтакте" түйүнүндө жүргүзүлгөн. Экинчи орунду Мурмансктын курама командасынын оюнчусу Герман Иванов алса, үчүнчүнү кайрадан "Азия MIX" командасынын оюнчусу Эрмек Кененсаров алып кеткен. Бул номинацияга 11 оюнчу көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, өткөн жылы "Азия MIX" командасы КВНдин жогорку лигасын жеңип кеткен.
Ошондой эле командалардан 8 кызды да "Жылдын КВНчиси" номинациясына талапкер кылышкан. Талапкерлердин тизмесин Ситора Фармонова толуктаган, бирок ал алдынкы үчтүккө да кирбей калган.