Алмамбет Шыкмаматов: "Текебаев Бакиев менен жолукту" деген маалымат - "Ата Мекендин" лидерин каралоо аракети"

"Ата Мекен" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кипрде Курманбек Бакиев менен жолуккан эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен") билдирди.

Анын айтымында, "Текебаев Бакиев менен жолукту" деген маалыматты таратуу - "Ата Мекендин" лидерин каралоо аракети. "Түркиялык басылма Бишкектеги басылмага шилтеме берип жатат. Бирок Бишкектеги басылма фейк болуп чыгып жатат. Демек, бул маалымат жалган. "Ата Мекендин" лидерин мындай каралоо аракети Белиз-гейттин уландысы деп санасак болот", - деди Шыкмаматов.

Айта кетсек, 11-февраль күнү түркиялык "Haberler" порталы "Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы президент Курманбек Бакиев Кипрде жолугушту" деген кабарды жазган.

"Текебаев сентябрь айында боло турган президенттик шайлоого баш аламандык чыгаруу менен тоскоол болуу максатында Бакиев менен жолугушканы белгилүү болду. Ошондой эле өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге каршы каралоо компаниясын жүргүзүп келген Текебаевдин Бакиевден каржылык жардам сураганы маалым болду", - деп жазат аталган басылма.

Бирок портал маалыматты кимден жана кайдан алганын жазган эмес. Болгону кабардын аягына "Бишкек" деп жазып койгон.

Бул маалымат боюнча депутат Өмүрбек Текебаев пикирин эртең парламенттин жыйынында айтары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан