Зулпукаров КСДП президенттикке талапкерин чыгарарын билдирип, бирок ким көрсөтүлөрүн айткан жок

КСДП партиясы президенттик шайлоодо өз талапкерин көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө партияларга кысым жасалып жатат. "КСДП партиясы президенттикке талапкерди чыгарбаш керек, мураскер калтырбаш керек" деген түшүнүк таңууланып жатат. Дүйнө жүзүндө, ошол эле Америкада президент партиялаш талапкерге шайлоо алдында колдоо көрсөтүп турат. Бизде мыйзам буга жол бербейт, бирок "КСДП президенттикке талапкерин көрсөтпөш керек" деп таңуулоо туура эмес", - деди Зулпукаров. Бирок ал социал-демократтар партиясы президенттик шайлоодо кимдин талапкерлигин сунуштаарын айткан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан