SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эртең өлөрүңдү билсең, бүгүн эмне кылмак элең?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эртеңди билбей эле кете берген жакшы го. Эгер билсең, ойлоно берип, эртеңкиге жетпей эле кете беребиз го".
"Эртең эмес, балким, бүгүн акыркы күнүмдүр" деп жашаш керек. Эртең эмес, бир мүнөттө эмне болуп кетерин эч ким билбейт".
"Мындай нерселерди ойлоно берсеңер, эрте карыйсыңар".
"Кудай сактасын. Эгер эртең акыркы күнүм болсо, ата-энемдин, бир туугандарымдын жана сүйүктүүмдүн жанында болот элем".
"Эртең акыркы күнүң десе, бүгүн айылыма учуп жетмекмин. Эмнеси болсо да, өзүм туулуп-өскөн, тоо арасындагы кичинекей айылымдын абасынан бир жутуп, анан жаным чыгып, жүрөгүм сокпой калса арман болбос эле. Бөлөк эл, бөтөн жер жүзү тааныш, жүрөгү алыс жерге жападан жалгыз жатып өлгүм келбейт".
"Демек, ажалым жетиптир да, ээ, Кудай, али көп максаттарым бар эле, балалуу да боло элекмин, мейли, баласыз өлгөнүм жакшыдыр жетим калтырбай, күнөөлөрүмдү кечир" деп Кудайга жалынып, бир сыйра интернетке кирип, жакындарга досторго коштошуу сөздөрүмдү жазып , аккаунттарымдын баарын жаап салмакмын".
"Жуунуп-тазаланып, тырмак-чачты алып, таранып, баарынан кечирим сурап, үйдү жыйнап, төркүнгө бир-эки саатка барып келмекмин. Ошондой эле балам кийин окусун деп кат жазмакмын да, баламды өпкүлөп, эркелетип жакшы тамак кылмакмын деп ойлонуп койдум. Бирок чыныгы жашоодо "балам эмне болот?" деп ыйлап эле отуруп калсам керек".
"Апакемдин кучагында түнөмөкмүн. Бирок менин жамандыгымды апакем көрүшүн каалабайм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.