Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Берлинде өткөн кинофестивалда сыйлык алды

Белгилүү режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Берлин шаарында өткөн "Берлинале 2017" кинофестивалында Автордук кино эл аралык конфедерациясынан сыйлык алды. Аземдин жабылышы ишемби күнү, 18-февралда болуп өткөн.

"Фестивалдын алкагында "Кентавр" тасмасы 8 жолу элге тартууланган. Европа кинобазарында, ММК өкүлдөрүнө жана "Берлинале 2017" үчүн 6 жолу коюлду. Тасманын бардык көрсөтүүсү аншлаг менен өткөн. Ошондой эле "Панорама" программасынын алкагында тасманын дүйнөлүк премьерасы болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми аталган тасманын улуттук премьерасы Кыргыз жеринде 26-мартта өткөрүлөт.

Жогоруда аталган тасмада жылкы менен адамдын байланышы жөнүндө баяндалат. Анда Кентавр аттуу башкы каармандын ролун Актан Арым Кубат аткарат. Ошондой эле тасмада Болот Тентимишов, Зарема Асаналиева, Илим Калмуратов, Таалайкан Абазова, Нурали Турсункожоев, Максат Мамырканов жана башка актёр, актрисалар да роль жаратышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан