Бишкектеги Орусия элчилигинин кызматкери катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошондой эле Орусия элчилигинин кызматкерин тергөөгө тартыш үчүн Ички иштер министрлиги тарабынан Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтүлгөн.
Айта кетсек, жол кырсыгы 16-февраль күнү Бишкектеги Фучик көчөсүндө болгон. Анда Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес Бенц Спринтер унаасы сүзүшкөн. Жыйынтыгында экинчи унаанын айдоочусу ооруканадан каза тапкан.