Орусия Федерациясынын карамагындагы Коми Республикасынын Усинск шаардык соту "адам өлтүрүүгө" шектелген 22 жаштагы Ф.Исматов аттуу Кыргыз жаранын 9 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу аталган республиканын прокуратурасы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 10-сентябрында Усинск шаарында болгон. Анда Исматов менен жыныстык катнашта болгон сойку кыз ага ВИЧ-инфекциясын жугузганын айткан. Буга ачууланган жаран ал кызды ашкана бычагы менен бир нече жолу сайып, телефонун алып окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.
Кылмышка шектүү "Домодедово" аэропортунда учакка отуруу үчүн каттоодон өтүп жаткан жеринен кармалган.