Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны түбү сириялык адамдын бет сөөгүн сындырып салды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя Four Seasons мейманканасынын жанындагы Охотный Ряд көчөсүндө болгон. Анда 23 жаштагы Кыргыз жараны менен 36 жаштагы түбү сириялык Орус жараны мушташа кетишкен. Анын кесепетинен 36 жаштагы адамдын бет сөөгү сынып кеткен. Ал эми кылмышка шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалып, ага кылмыш иши козголду.