Жалгыз бой, 4 баланын энеси Элнура Өзүбекова ар кайсы ишканаларга кайрылып, бирок жооп ала албай айласы куруган. Жалгыз бой экени аз келгенсип, анын 6 жаштагы секелек кызынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү. Башка балдар катары эле билим алып, курбулары менен ойноп-күлчү убагында кулагы укпай жана сүйлөй албай бир дүйнөсү кем болуп келген. Кызына 34 000 сомго угуу аппаратын алып бергенине ыраазы болгон эне буларды айтат.
"Жорго такси" биздин кайгыбызга кайдыгер карабастан өздөрү мага кайрылып, жардамын аяган жок. Кызымдын кулагына угуу аппаратын, кымбат дарыларды алып берди. Толугу менен дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөргөнгө жардамдашты. Биздин үй-бүлөнү кышында көмүр, азык-түлүк менен камсыздады", - дейт Өзүбекова.
Жалгыз бой эненин кайгысы менен тең бөлүшкөн компания таланттуу балдарга да жардамын берип, майрамдык маанай тартуулады. Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын математика мугалими Айнура Баялиева Жаңы жыл алдында балдарга белек даярдоо максатында демөөрчүлөрдү издеген.
“Биз бюджеттик мекеме болгондон кийин жыл сайын балдарга майрам тартуулоо үчүн ар кандай компанияларга жардам сурап кайрылабыз. Бул жолкусун көптөгөн ишканаларга кайрылуу жазып, балдардын тарткан сүрөттөрүн алып бардык. Эч кимисинен жооп болгон жок. Ошол учурда “Жорго таксиге” түшүп калдым. Айдоочу менен сүйлөшүп баратып, демөөрчү издеп жүргөнүмдү айттым. Айдоочу алардын компаниясына кайрылууну сунуштады. Анан “Жорго такси” компаниясынын жетекчиси Алтынбек Каримовго байланышсам, Жаңы жылга карата биздин балдарга таттууларды алып келиптир. Аябай баарыбыз ыраазы болуп калдык”, - деди мугалим.
Компания мындан кийин кызматташа турганын айтып, дагы жардам берерин билдирген.
“Биз эми алардын жардамын алып тим болбостон сүрөт көргөзмөлөргө чакырабыз. Биздин мектеп-интернатта жалаң таланттуу балдар окуйт. Жалпы саны 160. Алардын 95 пайызы алыскы аймактардан келип окушат. Алар үчүн “Жорго таксинин” белеги баалуу болду”, - деди ыраазы болгон мугалим.
Ата-энеси алыстагы балдар мугалимден болобу же тарбиячыдан болобу, өзгөчө мээрим күтүп камкордукка зар болору белгилүү нерсе. Ата-эне, бир туугандарын сагынып, мээрим жетпей турган балдар үчүн, албетте, бул сооп иш. Муну ар ким эле түшүнүп, жасай бербейт.