Алмамбет Шыкмаматов бүгүн УКМКнын сурагына барган жок. Сурак 24-февралга жылдырылды

Бүгүн, 22-февралда саат 11:00гө Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматов Улуттук коопсуздук комитетинин сурагына чакырылган. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Анын айтымында, адвокат бүгүн толук күн башка соттук отурумга катышарына байланыштуу, ал суракты башка күнгө жылдырууну суранган. "УКМКнын сурагына 24-февралда саат 11:00дө бара турган болдук. Мен бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын", - деди депутат.

Айта кетсек, 17-февралда Алмамбет Шыкмаматовго "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Материалдарга караганда, 2011-жылы 20-сентябрда Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов кызматтык унааларды сатып алуу боюнча комиссия түзүүгө буйрук чыгарган. Комиссияны Ж.Иманалиев жетектеген. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында атайын дайындалган адистердин арасында А.Шыкмаматов да болгон. Бирок тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканы аныкталган.

Шыкмаматов бул кылмыш иши тууралуу: "Бул нерсенин мотиви кылмыштуулук менен күрөшүү эмес, саясий оппоненттердин оозун басуу. Мында УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев кызыкдар болду", - деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан