Жалал-Абад ОИИБинин патрулдук милиция бөлүмү окуучулар менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук патрулдук милиция бөлүмүнүн тескөөчүсү Нурлан Саркаров билдирди.
"Биздин патрулдук милиция бөлүмү 20-февралдан 4-мартка чейин окуучулар арасында жол эрежелерин сактоо, коом алдында өзүн туура алып жүрүү жана ар кандай кылмыштардан оолак болууга үндөп, мектептерде жолугушуу өткөрүп жатабыз. Өспүрүм балдардын кылмышка аралашып калуусун алдын алуу, алардын достук мамилесин чыңдоо максатында шаардагы мектептерге барып ар бир бала менен жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деп билдирди Саркаров.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө калаадагы 6 мектепте милиция кызматкерлери менен окуучулардын жолугушуусу өткөрүлгөн.