Популярдуу казак ырчысы Кайрат Нуртас 28 жашка толду. Ал 1989-жылы 25-февралда Казакстандын Чымкент областындагы Түркстан шаарында туулган. Биринчи жолу сахнага 10 жашында Байконурда чыккан. Биринчи соло концертин 2008-жылы Алматы шаарында берген. Ал Шамши Калдаяков, Асет Бейсеуов, Ержан Серикбаевдин ырларын аткарып, кээ бир чыгармаларын өзү жараткан. Ырчынын продюсери жана демөөрчүсү апасы Гульзира Айдарбекова болгон. Жубайы Жулдыз Абдукаримова экөөнүн ортосунда Сезим, Алау, Нарул аттуу 3 баласы бар.
25-февралга карата жылнаама