ЖЫЛНААМА, 25-ФЕВРАЛЬ: Бишкекти жашылдандыруу ишин баштаган орус табият таануучусу Алексей Фетисов 123 жыл мурун каза болгон

Мындан 123 жыл мурун, 1894-жылы 25-февралда Бишкек шаарында эң биринчи жашылдандыруу ишин баштаган белгилүү орустун табият таануучусу, багбан жана саякатчысы Алексей Фетисов узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкек шаарына коюлган. Алексей Фетисов 1842-жылы Севастополдо туулган. 1870-жылы ал Ташкентке келип жүзүмдүн ар кандай сортторун жана жемиш бактарын, кооз бак-дарактарды өстүрүп, ар кандай гербарийлерди чогулткан.
1874-1878-жылдары Пишпек шаарында жашаган. Өткөн кылымдын 80-жылдарында Пишпек шаарынын түндүк жагында саздуу шалбаа болгон. Анда камыш, өлөң чөп жана башка саз чөптөрү өсүп, кээ бир жерлерде суу токтогон көлчөлөр болгон. Багбан Алексей Фетисов бул жерге дарак отургузуу жөнүндө демилге көтөрүп чыккан. Бирок шаардын башкаруучуларынан эч колдоо тапкан эмес. Ал көздөгөнүнөн кайтпай, Верный шаарынын башкаруучуларынан жардам сурап кайрылат. Алар анын демилгесин колдоп жардам беришип, 1881-жылы бул аймакты өздөштүрүү иши башталып, өтө кыйынчылыктар менен сазды кургатып ал жерге Анжиян кара жыгачтын жана Европада өсүүчү жемиш бактарынын түрүн отургузуу менен башталган бак адегенде казыналык бак, кийин Кара жыгач багы деп аталган.
Ошентип борбор калаабызда Кара жыгач багы (1879-1881-жылдары) негизделген. 1890-жылы отургузулган бактардын түрү 200гө, саны 80 миңге жеткен. Азыркы кезде анын аянты 200 гектардан ашык. Азыр бул жерде Кара жыгач токою, Комсомол көлү бар, жанында Чоң Чүй каналы агып өтөт.
Алексей Фетисов Бишкекте бакчылык мектебин түзүп, кыргыз жаштарына жемиш бактарынын, тамекинин жогорку сортторун, жибек өндүрүүдө жибек куртуна берилүүчү тыттын түрлөрүн жана башка өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн жолдорун үйрөткөн.
Саякатчы 1870-1891-жылдары Теңир-Тоонун негизги бөлүктөрүн географиялык, ботаникалык, археологиялык жактан кеңири изилдеп, жыйнаган гербарийлеринин коллекцияларын Петербургдагы ботаникалык багына жана башка илимий коомдук мекемелерге, музейлерге жиберип турган. Анын 70 миңден ашык өсүмдүк гербарийлеринен 182 түрү мурда илимге белгисиз болгон түрлөрү табылган.
1877-1891-жылдардын аралыгында ал Чүй, Ысык-Көл, Сары-Жаз, Кочкор, Жумгал, Суусамыр өрөөндөрүндөгү байыркы материал жана маданий калдыктарды да изилдеп, Кара-Балта, Пишпек, Шамшы, Жоон-Арыктагы орто кылымга тиешелүү болгон архитектуралык эстеликтерди изилдеген. Алексей Фетисов 1893-жылы Бишкекте метеорологиялык станцияны уюштуруп, 1898-жылы борбордогу Эмен паркын негиздеген.

25-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан