Базар-Коргондо 500дөй адамдын катышуусунда Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг өтүүдө

Базар-Коргон районунда 500дөй адам Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылып митингге чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын Жалал-Абад облусундагы координатору Алмаз Мустапакулов билдирди.

"Бүгүн Базар-Коргондун эли райондук администрациясынын алдына чогулуп, Өмүрбек Текебаевди түшкө чейин бошотуу талабын коюп митинг өткөрүп жатабыз. Эгерде талабыбызды аткарып бошотпосо, эл чогулуп башка аракеттерди көрөт. Учурда 500дөй адам чогулдук. Митингге чыккандар администрациянын алдына кыргыз боз үйүн тигишти", - деп билдирди Мустапакулов.

Алмаз Мустапакуловдун маалыматына ылайык, учурда митингчилердин саны көбөйүүдө.

Эске салсак, кече 26-февралда Базар-Коргон районунда 300дөй адам "Ата Мекен" саясий партиясынын лидери Ө.Текебаевди колдогон митинг өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
ady-88
2017-02-27 12:11:56
Ошондо Текебаев базар коргондон болот го. Жалал абад обсанынан озу коп саясатчылар бар.
+2
Gema
2017-02-27 12:21:31
тажатты ушулар,качан элге тынч жашоо болот.Биро политиктердин айынан
+6
salfego
2017-02-27 12:34:02
Чыкпагыла митингге эгер Текебаев ак болсо өзү сот аркылуу чыгат! Мыйзамды өзү жазган!
+8
meni_kut
2017-02-27 12:45:56
Тынч жашоодо жашаганыбызга шугур кылбай митинге чыккан элге наалат.Коншу мамлекеттерге уят болдук,мин сом учун чыккан митингчилер Эли жеринерди саткыла деп он мин берем десе деле чыга беришет.
+4
MAKALAK
2017-02-27 12:58:05
Чыккандар да камалсын
+5
mbk
2017-02-27 13:07:51
кыргыз уй болсо керек а, боз уй деп айтылат
0
aika1983
2017-02-27 13:07:55
Политиктер элди эми экиге болушпосо болду уруштуруп тундук туштук дегизип качан чондорубуз ойлонуп бир иш кылышат билбейм.Бири бирин чукугандан башка иш аткарбай жатышат.Текебаев кучтуу саясатчы учун ушунча жылдан бери эч кимдин кучу жетпей келет.
+2
Sema87
2017-02-27 13:08:16
ак ийилет бирок сынбайт. митинг откоруп эмне бар ак болсо чыгат озу эле элди дурболонго салып эми бир адам учун
+3
Timur94
2017-02-27 13:28:51
Атамбаевдин заманында ак ийилет бирок сынат; эле болуп жатат; артка кетип эле жатабыз. Бир балам бар, озум мамлекеттен маяна албайм, балама пасобия алчумун; кече жакында эле. Машинан бар экен деп. Пасобияны токтотуп салышты; ушул турабы;; тешип чыксын ошол жеп жутарларды
-4
Arsenal2
2017-02-27 14:24:41
Бекерчилер чыга берет да
+3
kyrgyz.kg83
2017-02-27 15:43:20
Текебаевти карматып Аша озуда коркуп отурган убагы азыр,емне кылып койдум деп,ошон учун мекен шейитери мискебаевчилер менее жолугуп олтурат,озуно страховка жасап,ушул кылганы ото окунучту корунуш,бул кадамдары менен елди екиге болуп жаткан Атамбаев деп ойлойм,кыргызстаным аман болсунчу,елибиз тынч болсун,саясатын сасык оюндары елди кыйнап бутту
-3
Aku.02
2017-02-27 22:34:53
Ушул Текебаев биро толо отставкага кетсе жакшы болот эле элди кыйнабай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан